БИШКЕК, 30-май — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог кийинки жумада Стамбулда өтө турган Украина маселеси боюнча сүйлөшүүгө Франция, Германия жана Улуу Британиянын коопсуздук боюнча кеңешчилери катыша турганын билдирди. Бул тууралуу ал АВС телеканалына маек куруп жатып айткан.
"ЕБ үчилтиги деп аталгандар келет. Бул — Германия, Франция жана Улуу Британиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери. Алар Лондондогу жолугушууда да Украина боюнча негизги жоболорду иштеп чыгууга жардам беришкен. Стамбулга да барып, колдоо көрсөтүшөт", — деген Келлог.
Белгилей кетсек, алгач Россия президенти Владимир Путиндин демилгеси менен сүйлөшүү 15-майга белгиленип, бирок эртеси өткөн. Өлкө башчынын маалымат катчысы жолугушуунун максаты жаңжалдын түпкү себебин жоюп, Россиянын кызыкчылыгын көздөө экенин айткан болчу. Биринчи сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки тарап 1000ден туткун алмашып, жолугушууну улантууга өбөлгө түзүлгөн. Мындан тышкары, Москва да, Киев да тирешүүнү токтотуу боюнча өз карашы камтылган меморандум иштеп чыкмак.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров украин маслесин жөнгө салуу боюнча меморандумду Киевге Стамбулда 2-июнь күнү берүүгө даяр экенин билдирген. Украина тарап буга жооп бере элек.