Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү купуя маалыматтын катарына кирди

Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Мындан ары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу маалымат ачык жарыяланбайт. Кабарды "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан тастыкташты.
Аталган ишкана буга чейин күн сайын суунун көлөмү тууралуу маалымат берип турчу. Компания мындан ары маалымат "кызматтык колдонуу үчүн" категориясына кирип, аны УКМКнын уруксаты менен гана алууга болорун айтты.
Соңку билдирүү 15-майда чыгып, анда суунун көлөмү 9,566 миллиард куб метр экени айтылган.
Өчүрүүгө аргасызбыз! Министрлик электр кубатын үнөмдөөгө чакырды