Пресс-борбор

Кыргызстанда 35-59 жаштагы эркектердин 28%ы тамекиден көз жумат. Изилдөө

Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда 31-майда "Жаштарды тамеки индустриясынын манипуляциясынан коргоо" урааны менен Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күн белгиленет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн иш-чарада 35 жаштан 59 жашка чейинки эркектердин 28 пайызы тамекинин кесепетинен каза болорун айтты. Алсак:
рактан каза болгондордун 92 пайызы тамеки чеккен;
өпкөнүн өнөкөт ооруларынан каза болгондордун 71 пайызы чылым тарткан;
башка себептерден каза тапкан эркектердин 10 пайызы тамеки чеккен.
Исмаилова Бишкекте окуучулардын арасында тамеки, кальян чеккендердин көбөйгөнүнө тынчсызданган. Анын айтымында, 13-15 жаштагы өспүрүмдөрдүн 21 пайызы жок дегенде бир жолу кальян тартып көргөн.
Тамеки менен күрөшүүдө анын салыгын бир долларга жеткирүү натыйжа берерине үмүт артылары белгиленди. Бул күрөш эрте көз жумгандардын санын азайтууга багытталган.
Саламаттык сактоо министрлиги 10-июнда "Тамеки жана никотин керектөөсүн азайтуунун натыйжалуу жолдору — Кыргызстан үчүн тамекиге акциздик салыктын имитациялык модели" аттуу эл аралык тегерек стол уюштурат.
Алкоголь, нефть жана тамекиден башка товарларга ЭТТК жокко чыгарылды