БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда химиялык пневмонияга шек жараткан учурлар катталды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Чынара Бекбасарова Sputnik агенттигинин маалымат борборунда билдирди.
Анын айтымында, аба жетпей кыйналган бейтаптар кайрылып, алардан антибиотикке туруштук берген пневмониянын оор түрлөрү байкалууда.
Дарыгерлер бул электрондук чылымга байланыштуу экенин болжогону менен өлкөдө тиешелүү лаборатория жок болгондуктан далилдене электиги айтылды.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Чынара Бекбасарова
© Sputnik / Самрат Карачев
"Россияда мындай диагноз тастыкталууда. Бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан учурдагы өспүрүмдөрдү чылымдын терс таасиринен коргоого багытталган мыйзамдар жакшы чара болуп саналат", — деди Бекбасарова.
Адистин айтымында, электрондук тамекинин курамындагы заттар өпкөдө топтолуп, организм ууланат. Буга жаштар анчейин маани бере беришпейт.
"Адегенде бейтапка кадимки антибиотиктер жазылат, бирок алар ооруну дарылай албайт. Бул адамды оор абалга жетирип, айрым учурларда өлүмгө кептейт же өпкөнү алмаштырууга алып келет. Кыргызстанда азырынча расмий статистика жок. Бирок Балыкчыда эки өспүрүм электрондук тамекиден ууланып, дарыгерлердин жардамы менен аман калышты", — деди ал.