Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Келлог: Россиянын НАТОнун кеңейиши боюнча тынчсыздануусу мыйзам ченемдүү

Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Россиянын НАТОнун Чыгышты көздөй кеңейишине тынчсыздануусу — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог ABC телеканалына маек куруп жатып айтты.
"Мыйзам ченемдүү, кадимки көрүнүш. Биз Украинанын НАТОго кириши боюнча маселе күн тартибинде эмес экенин бир нече ирет айтканбыз, ушундай эле пикирди карманган мамлекеттер көп. Украинанын уюмга кошулуусуна каршы болгон кеминде төрт өлкөнү атай алам, ал эми мындай чечим үчүн альянстагы 32 өлкөнүн баарынын макулдугу керек", — деди өкүл.
Эскерте кетсек, Россия батыш чек арасында акыркы жылдары НАТОнун активдешип жатканын айтып келет. Уюм чегин кеңейтип, мунусун агрессияны ооздуктоо деп атаган. Москва буга тынчсыздануусун көп ирет билдирген эле.
РФ ТИМи НАТО менен диалогго ачык экенин, бирок сүйлөшүү тең укукта жүргүзүлүшү керектигин белгилеп, Батыш регионду аскерлештирүү оюнан кайтышы зарылдыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украина АКШнын артыкчылык берген маселеси болуудан калды