БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров эркектерге кайрылып, аялдарга аяр мамиле кылып, аларды урматтоого чакырды.
Кыргызстан мусулмандардын диний башкармалыгы мындай билдирүүнү Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы келин өлтүрүлгөндөн кийин таратты.
"Бүгүнкү күн – аялзатына болгон мамилени кайрадан карап чыгуу күнү, ар бир күйөө – жубайына сүйүүнү, ар бир уул – энесине кызматты, ар бир ага – карындашына коргоону милдет деп билиши керек", — деп айтылат анда.
Муфтий ислам дининде аялзатына кандай мамиле жасалышы керектигине токтолгон.
"Ислам дини аялзатын кадырлап, урматтап, коргоп келген. Ар бир аял — эне, жар, кыз жана эже катары коомдун түпкү тиреги экенин унутпашыбыз керек. Аялзатынын укугу ыйык. Ага болгон кайдыгерлик – бул ыймандын алсыздыгы", — деген Закиров.
Эске салсак, Өзгөн районунда (Ош облусу) классташтардын мектепти бүткөндөн кийинки 20 жылдык жолугушуусуна катышкан келин үйүнө, Кара-Кулжага барганда көз жумган. Милиция ал күйөө колдуу болгонун, тагыраагы, аялдын өмүрү атылган октон кыйылганын билдирген.