Төө-Ашууда үч унаа кагышып, бир киши каза болду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Төө-Ашууда Honda CR-V эки Honda Stepwgn менен кагышып, бир киши көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден кабарлашты.
Жүрөк үшүн алган жол кырсыгы Бишкек — Ош трассасынын 111-чакырымында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Honda CR-V каршы тилкеге чыгып эки минивэн менен кагышкан. Натыйжада бир киши каза таап, үч адам жаракат алган.
Жалал-Абад шаарында бала бакчадан өрт чыгып, 32 бала эвакуацияланды. Видео