Радио

Өмүрзаков: көрүстөндү алдын ала ээлеп коюу арзан болбошу керек

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков көрүстөндү алдын ала ээлеп коюунун жол-жобосун айтты.
Sputnik
Мыйзам боюнча, көрүстөндү алдын ала жубайлар гана ээлей алат. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айыл жеринде сөөктү жайга берүү жамаат менен чечилет, көрүстөндү алдын ала ээлеп коюу маселеси шаар жерлеринде гана көтөрүлүшү мүмкүн.
"Өткөн жылы сөөктү жайга коюу боюнча мыйзам кабыл алынып, ал күчүнө кирген. 8-беренесине көрүстөндү алдын ала ээлеп коюу ченеми камтылган. Мыйзам боюнча, анын баасын министрлер кабинети аныкташы керек. Азыр көрүстөндү алдын ала ээлеп коюунун баасын аныктоонун тартиби жөнүндөгү жобо коомдук талкууга коюлду. Укуктук-ченемдик кабыл алуунун жол-жобосу бир ай коомдук талкуудан өткөндөн кийин гана кол коюуга киргизилет. Көрүстөндү ээлеп коюунун тариби тууралуу айта турган болсок, биринчиден, аны жубайлар гана ээлеп коё алат", — деди Өмүрзаков.
Жетекчи белгилегендей, министрлер кабинети көрүстөн ээлөөнүн тартибин гана бекитип жатат.
"Бул өтө орчундуу маселе болгондуктан көп талкуудан өттү. Жердин салыктык өлчөмү Баткенде 90 сом болсо, Чүй облусунда 120 сомдон башталат. Бул калктын санына жараша да өлчөнөт. Көрүстөндү ээлөө баасы жер салыгынын өлчөмүнө, жергиликтүү бийлик аныктаган жердин коэффициентине, көрүстөндү кароого, тегерек-четин тосууга, жашылдандырууга кеткен чыгымдарга жараша болот. Арзан болбошу керек. Анткени бул жөн гана айрым адамдардын каалоосу", — деди Өмүрзаков.
Ал жайды он жылга ээлеп, улам узартып турууга мүмкүнчүлүк берилерин кошумчалады.