БИШКЕК, 30-май — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев транспорт министри Абсатар Сыргабаевге туристтик сезонго Ысык-Көл облусундагы жолдорду толугу менен оңдоп бүтүрүүгө бир ай убакыт берди.
УКМК төрагасы аткаминер буга чейин берилген тапшырманы аткара албай жатканын белгилеген.
"Акыркы жолу эскертүү берем, 1-июлга чейин бардык тапшырмалар аткарылышы керек. Туристтер келген маалда мындай "бардак" болбосун. Эгерде бүтпөсө президентке сиз боюнча өзүмдүн сунушумду берем", — деди атайын кызматтын башчысы.