Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Небензя: антироссиялык санкциялар Зеленскийдин режимин кыйроодон сактай албайт

Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Россияга каршы салынган бир да санкция Владимир Зеленскийдин режимин кыйроодон сактап кала албайт. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын РИА Новости жазды.
"Киев канчалык согушту созуп, аймагыбыздагы жарандык инфраструктурага сокку уруп чагымчыл аракеттерин жасай берсе, биз да ошончого чейин атайын операциябызды улантып, киев режиминин аскердик потенциалына байланышы бар объектилерди жок кыла беребиз. Салынып жаткан санкциялар да, Украинага курал-жарак жөнөтүү сыяктуу Россияга каршы жасалган аракеттер да Зеленскийдин режимин кыйроодон сактап кала албайт", — деди Небензя.
Дипломат өз сөзүндө Россия Украина менен түз сүйлөшүүлөрдү улантууга ыктай турганын белгилеген. Анын айтымында, Киев жаңжалга чекит коюлчу жолду өзү тандап ала алат.
"Азыр кеп кезеги Киевде, ал же сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен орной турган тынчтыкты, же согуш талаасындагы жеңилүүнү тандап алышы керек болот", — деген өкүл.
Россия Украина маселесин жөнгө салуу боюнча кезектеги сүйлөшүүнү Стамбулда 2-июнда өткөрүүнү сунуштады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина боюнча сүйлөшүүгө Франция, Германия жана Британиядан өкүлдөр катышат