БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эверестти багындырган альпинист Асел Байбагышеваны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда өкмөт башчы Байбагышевага 500 миң сомдук сертификат тапшырды. Ал эми альпинист дүйнөнүн чокусуна алып чыккан кыргыз желегин жана Эвересттен алып келген ташты Касымалиевге берди.
Спортчу чокуга чыккандагы таасирлери менен бөлүшүп, ал учурда биринчи болуп минкаб төрагасы байланышка чыкканына кубанганын белгилеген. Анын айтымында, ушундай учурларда мамлекеттин колдоосу спортчуларга ишеним берип, ийгиликтерге шыктандырат.
Өкмөт башчы Асел Байбагышеванын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү жана Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого зор салым экенин кошумчалады.