Улуу Ата Мекендик согушта тарыхтагы эң каардуу, кандуу кармаш Днепр суусундагы немистер менен советтик аскерлердин согушунда эрдик көрсөткөн, душмандын мизин кайтарган Анварбек Чортеков тууралуу “Туяк” программасында баарлаштык. Командири каза болгон отрядды жетектеп, мөндүрдөй жааган октон, немистердин стратегиялык коргонуусунан өтүп, отряды менен бирге бир дөбөнү басып жатып, артынан жардам келгиче немистер менен жылбай кармашкан. Көп жоготуу болгон. Ошого карабай пласдармды берген эмес. Өзү да жарадар болот. Ушул эрдиги үчүн ага 1944-жылы Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген.