ОСАГО полиси жокторго айып салына баштайт – Коюлган талаптар жана көрүлгөн даярдыктар

Sputnik
Быйыл 1-июлдан тарта ОСАГО полиси жок айдоочулар айыпка жыгыла баштайт. Бир жылга камсыздандыруунун баасы 1680 сом. Аталган полиси жокторго 3 миң сомдон айып салынат. Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында автотранспорт каражаттарын камсыздандыруу иштери кандай жүрүп жатканы, аны илгерилетүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төлөмдөрдү жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Азат Осмоналиев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төлөмдөрдү жүргүзүү башкармалыгынын башкы адиси Мирлан Кудайбердиев жооп берди.