"Росатом" мамлекеттик корпорациясы Кыргызстанга технеций-99m генераторун алып келди. Аппарат МАГАТЭнин техникалык кызматташуу боюнча "Кыргызстанда өзөктүк медицинаны калыбына келтирүү" деп аталган улуттук долбоорунун жана "Лучи надежды" агенттигинин программасынын алкагында берилген. Эми "Изотоп" биримдиги Бишкектеги Онкология жана гематология боюнча улуттук борборго радиофармацевтикалык продукцияларды маал-маалы менен жеткирип турарын мейманыбыз Дүйшөнбек Нурдинов билдирди. Учурда бейтаптарды бекер кабыл алуу жүрүүдө. Бул 16 айга созулат жана Онкология жана гематология улуттук борбору жиберген бейтаптарды гана кабыл алууда.