Менин бала болууга укугум бар: Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карай

Sputnik
1-июнь Балдарды коргоо күнү. Учурда өлкөдө балдарга байланышкан бир катар маселелер бар. Буга бир нече себептер бар. Биз президенттин Администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгынын экспертине балдар маселесине байланышкан бир катар суроолорду берип, жооп ала алдык. Балдар укугуна алардын билим алуусунан баштап, алардын коопсуздугуна чейинки маселелер кирет эмеспи. Мамлекет да коомдук транспорттон баштап шартын түзүп бериши кажет. Ал эми ата-энелер, коом да балдарга бардык мүмкүнчүлүктү түзүп берүүгө, келечекте мыкты инсандын чыгышына милдеттүү.