Алака дагы өнүгөт деп ишенем. Путин ЕАЭБ күнү менен президенттерди куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) күнү менен Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Армениянын лидерлерин куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.
Ал куттуктоосунда ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстер динамикалуу жана натыйжалуу өнүгүп жатканын белгиледи.
"Жалпы рынок түзүлүп, товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүшү камсыздалды. Мындан тышкары, укуктук жөнгө салуу системалары шайкеш келтирилип, ири экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда", — деп айтылат куттуктоодо.
Путин бул багыттагы кызматташтык мындан ары да тереңдеп, Евразия чөлкөмүндөгү тынчтык жана элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы ар тараптуу, конструктивдүү кызматташуу бекемдейт деп ишенерин кошумчалады.
ЕАЭБде өнүгүү темпи эки жыл катары менен дүйнөлүк көрсөткүчтөн жогору болду