Бишкекте 13 жаштагы балага атасы донор болуп, бөйрөгү ийгиликтүү алмаштырылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Эне жана баланы коргоо борборунда 13 жаштагы балага бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, операция өнөкөт гломерулонефриттин 5-стадиясы менен ооруган 13 жаштагы К.Б. аттуу балага жасалган. Ал 2024-жылдан бери диализге муктаж болуп келген. Донор 49 жаштагы атасы О.М. болгон.
Анын бөйрөгү лапароскопиялык нефрэктомия ыкмасы менен алынган. Бул инвазивдүү ыкма кан жоготууну азайтып, бейтаптын тезирээк калыбына келишине шарт түзөт. Учурда бала өзүн жакшы сезип, реабилитациядан өтүп жатат.
1 / 2

Маалыматка ылайык, операция өнөкөт гломерулонефриттин 5-стадиясы менен ооруган 13 жаштагы К.Б. аттуу балага жасалган

2 / 2

Ал 2024-жылдан бери диализге муктаж болуп келген. Донор 49 жаштагы атасы О.М. болгон

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуяны педиатриялык трансплантология тармагындагы маанилүү жетишкендик катары баалады.
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — Кыргызстанда балдарга бөйрөк трансплантациясын жасаган жалгыз медициналык мекеме. 2012-жылдан бери бул жерде 70ке жакын операция жүргүзүлгөн. 2022-жылы атайын трансплантология бөлүмү ачылып, 2024-жылдан тартып операциялар мамлекеттик бюджеттен каржылана баштаган. Бул ата-энелер үчүн олуттуу каржылык жеңилдик жараткан.
Министрликтин маалыматына ылайык, бөйрөк алмаштыруу узак мөөнөттүү перспективада диализге салыштырмалуу үнөмдүү. Диализге жылына 936 миң сом сарпталса, операция 250 миң сомдун тегерегинде турат.
Медициналык туризм: чет өлкөлүктөргө трансплантация жасоо каралууда