Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Россияга карата санкцияларды киргизбөөгө эмне себеп болгонун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Украина боюнча макулдашуу аракеттерин бекерге кетирип албоо үчүн Россияга карата санкцияларды киргизбей тургандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Келишимге аз калды деп эсептеп тургандыгымдан улам буга чейинкилерди жокко чыгаргым келбейт. Ишенсеңер, мен силер айтып жаткан адамдардан алда канча катаалмын", — деген Трамп журналисттер менен сүйлөшүп жатып.
Ак үй башчысы, андан сырткары, зарылчылыгы болсо РФ лидери Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен жолугушууга даяр экендигин билдирген.
"Жолугуу зарыл болуп калса, аны да жасайм", — деген Трамп.
Ал арада РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Россия менен Украинанын кийинки сүйлөшүүсү 2-июнда Стамбулда өтөрүн билдирди.
Лавров АКШ, Сауд Арабия жана Түркиянын жардамы менен россия-украин сүйлөшүүлөрүн жандантууга мүмкүн болгонун эске салды. Сүйлөшүүнүн биринчи раунду 16-майда Стамбулда өткөн. Анда тараптар бир катар макулдашууларга жетишип, "1000ге 1000" формуласы менен туткундарды алмашууну чечишкен.
Мамдепартамент Трамптын Россияны опузалаганын кандай кабыл алуу керектигин айтты