БИШКЕК, 29-май — Sputnik. ИИМ юридикалык жактардын унааларынын техникалык кароосун мамлекеттик ишканага берүүнү сунуштоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Анда жеке диагностикалык борборлор киреше табууга басым жасап, коопсуздук, экологиялык талаптарга жетиштүү көңүл бурбасы айтылган. Мындан улам ал функцияны Техникалык багыттагы борборго (ТББ) этап-этабы менен өткөрүү максатталууда.
Өткөрүү графиги:
1-июндан — мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын унаалары;
1-августтан — жүргүнчү, жүк жана кооптуу жүк ташуучу унаалар (анын ичинде такси);
1-октябрдан — атайын жана адистештирилген унаалар.
Былтыр транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү өнөктүгүн кайтаруу сунушталган. Ал тургай аны киргизүүнүн жол картасы иштелип чыккан. Бирок кийин президент Садыр Жапаров буга каршы чыгып, коррупциялык тобокелдиктерге жол ачылышы ыктымал экенин айткан.