БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Украинанын Евробиримдикке тездетилген тартипте кабыл алынышы "чыгыш фронтун" шарттай турганын, ушундан улам Венгрия Киевдин биримдикке кирүүсүнө каршы экенин өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан конференцияда сүйлөп жатып билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бизге жаңы фронттун кереги жок, мындан улам Украинаны Евробиримдиктен көрүүгө ашыкпайбыз", — деген ал.
Орбан Венргиянын Евробиримдикти өзгөртүү боюнча өзүнүн "патриоттук планы" бар экенин, ал аскердик чыгымды көбөйтүүгө жана Брюсселдин мүчө мамлекеттерге жасаган көзөмөлүн күчөтүүгө ыктаган либералдык планга каршы келерин белгиледи.
"Биз өз алдынчалыкты каалайбыз, Жалпы салык, жалпы карыз, экономикага борборлоштурулган башкаруу киргизүүгө караманча каршыбыз. Акчабыз үчүнчү өлкөнүн согушуна коротулушун да жактабайбыз", — деген Орбан.
Премьердин айтымында, венгр өкмөтү жана башка консервативдүү европалык ишмерлер да Европаны мыйзамсыз миграциядан коргоп, коомдук коопсуздукту жана салттуу христиандык баалуулуктарды бекемдөөгө кызыкдар. Орбан бул планды ишке ашыруу үчүн шайлоодо консервативдүү саясатчылар жеңишке жетиши керектигине токтолгон.
Эскерте кетсек, былтыр ноябрь айында Орбан батыш цивилизациясынын 500 жылдык башкаруу доору соңуна чыгып, бүтүндөй дүйнөнү батышташтыруу стратегиясы кыйраганын, дүйнөлүк экономика чордону акырындап Чыгышка бет алып, кийинки кылым Евразиянын мезгили болорун айткан эле. Декабрда либералдык дүйнө тартиби аяктап, мындай глобалдуу өзгөрүүлөрдөн өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргой албаган мамлекеттер жабыркай турганын билдирген.
Орбан Брюссель Украинанын 2030-жылга чейин Евробиримдикке киришин каалай турганын, анткен менен акыркы чечимди Венгрия кабыл аларын кошумчалаган эле. Анын айтымында, Украинанын аталган уюмга кошулушу венгр экономикасын бүлгүнгө учуратат. Муну менен бирге Орбан Евробиримдик Украинага жардам көрсөтүүнү эмес, колониясына айлантуу үчүн жаңжалды узартууга мажбурлап жатканын белгилеген. Премьердин айтымында, жаңжалды создуктуруу колониялаштыруунун бир ыкмасы болуп саналат. Ал Венргия Евробиримдикти колдой турганын, бирок Украинанын уюмга тез арада интеграцияланышына каршы экенин, Будапешттин макулдугусуз Киев биримдикке кире албай турганын эскерткен.