Эртең катталса болот. 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылууда

Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкектеги 38 мектепте 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ата-энелер эртең, 30-май, саат 9:00дөн тарта балдарын мектепке каттата алат.
Кошумча орундар ошондой эле аймактардагы билим берүү мекемелеринде дагы ачылат. Алардын тизмесин бул жерден көрсөңүз болот.
Буга чейин мектептерде кошумча орундар ачылары кабарланып, бирок министрлик маалыматты артка кайтарып алган.
Бишкекте коррупцияга шектелип мектептин мурдагы директору кармалды