Чек ара 50 чакырымды көрсөткөн камералар жана дрондор менен кайтарылат

Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Чек аралар 50 чакырымды көрсөткөн камералар жана дрондордун жардамы менен кайтарылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын инженердик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, полковник Сапарбек Токтосунов билдирди.
Анын айтымында, учурда камералар Чүй менен Баткенде сыналууда, жакында апараттар өлкөнүн бардык чек ара тилкелерине орнотулат.
"Быйыл Чек ара кызматына 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, тез арада атайын зымдарды тартуу тапшырмасы коюлду. Учурда 3D торлор, тоолуу жерлер тикенек зым менен тосулууда", — деди Токтосунов.
Мындан тышкары, чек араны асмандан көзөмөлдөөгө дрондор колдонулуп жатканы айтылды.
"Ата-Бейитте" чек арада курман болгон жоокерлердин эстелиги ачылды