Айрым кызматкерлердин маянасы көтөрүлдү. Президенттин жарлыгы

Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бюджеттик тармактын айрым кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 28-майда кол койгон.
Ага ылайык, маданият, маалымат, спорт, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана билим берүү тармагында эмгектенген кенже жана техникалык кызматкерлердин айлыгы 20 пайызга көтөрүлөт. Бул айлыгы жогору кызмат орундарына тиешелүү эмес.
Мындан сырткары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген (жеңил унаа айдоочуларынан тышкары) кенже тейлөөчү кызматкерлердин коэффициенти дагы 20 пайызга чейин көтөрүлөт. Ошол эле деңгээл Куралдуу күчтөрдө, башка аскер түзүмдөрүнүн жалданма жана жарандык персоналы үчүн колдонулат.
1-июлдан баштап мамлекеттик кызматкер макамына ээ болбогон кээ бир категориядагы кызматкерлердин да коэффициенттери теңдештирилет.
Ал эми 2026-жылы ушул категориядагы кызматкерлердин эмгек акысы 50 пайызга чейин жогорулайт.
Айлык акыны айрым учурларда накталай төлөөгө уруксат берилди. Шарттары