Аскердик окуу жайларда бир орунга 10-12 адам талапкер болуп жатат. Бул тууралуу Алмаз Сарбанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аскердик окуу жайларда билим алгысы келгендердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө.
"Азыр бизде кызмат өтөгүсү келген жаштар көбөйдү. Мурда бул жаатта өксүктөр бар эле. Бүгүнкү күндө каалоочулардын катары калыңдап калды. Ошондой эле учурда аскер кызматкери болгусу келгендер да көп. Буга чейин Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде эмгектенгем. Ал жерде билим алгысы келген жаштардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын көрдүм. Бир орунга 10-12 талапкер туура келет", — деди Сарбанов.
Ошондой эле ал аскер окуу жайларында билим берүүнүн деңгээли да өсүп жаткандыгын белгиледи.