© Sputnik_Infographics
Чектөөлөр картадан картага же Төлөмдөрдүн тез өтүү системасы (СБП) аркылуу жасалган которууларга тиешелүү. Бул – банкта эсептери бар кардарлардын ортосундагы операциялар. Жаңы эрежелер банкта эсеп ачпастан же толук идентификациядан өтпөгөн электрондук капчыктар аркылуу жасалган которууларга гана тиешелүү болот.
Эгер 100 миң рублден ашык которууну кааласаңыз, анда банктык эсеп ачып, ким экениңизди толук тастыктоо (идентификациядан өтүү) керек болот. Бул — аты-жөнүңүз, жарандыгыңыз, туулган күнүңүз, документиңиздин реквизиттери, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам катары Россияда жүрүүгө (жашоого) укугуңузду тастыктаган документтердин маалыматы. Жашаган же убактылуу турган жериңиздин дареги, ИНН, СНИЛС жана башка маалыматтар керек болот.
"Эгерде зарылдык жаралса же транзакция шектүү көрүнсө, банк кардардан которуунун максаты же алуучусу тууралуу кошумча маалыматты сурай алат. Бул өзгөрүү акча адалдоого жана каражатты өлкөдөн мыйзамсыз чыгарууга каршы күрөшүү максатында киргизилүүдө", — деген ал.