Кыргыз киносунда тарых жаралды! Мындан 60 жыл мурун залкар режиссер Болот Шамшиев "Манасчы" даректүү тасмасы менен Германиядагы беделдүү Оберхаузен эл аралык кинофестивалын жеңип алган. 1965-жылдан бери аталган сынактан баш байге алган кыргызстандык болгон эмес. Ал эми бул жылы Оберхаузен фестивалына режиссер Илгиз-Шернияз Турсунбек уулу катышып, анын "Жайлоого карай узак жол" даректүү тасмасы гран-прини утуп алды! Бул жылкы сынакта жалпы 6 600 кинонун ичинен 42 мамлекеттин 124 тасмасы тандалып алынган. Орто Азиядан бир гана кыргызстандык фильм конкурска өтө алган.
Бул эгемендик жылдарындагы А класстагы фестивалдын баш байгесин утуп алган алгачкы кыска метраждуу тасма. Белгилей кетсек, Оберхаузен фестивалын жеңгендердин тасмасы Оскар сынагында ат салышууга мүмкүнчүлүк алат. "Жайлоого карай узак жол" даректүү тасмасы тууралуу кененирээк бул уктуруудан тындай аласыз!