Акыркы кезде өлкөдө адам укугуна байланышкан бир катар маселелер чыкты. Өзгөчө аялдар менен балдарга жасалган зордук-зомбулуктар көп катталууда. Мунун да ар кандай себептери бар. Акыйкатчы менен маекте өлкөдөгү балдарга жасалган зордук-зомбулукту кыскартуу же алдын алуу жаатында Омбудсмендин жеке сунуштары, мамлекеттик органдардын маселеге жасаган мамилеси, мигранттардын укуктары жаатында Акыйкатчы кесиптештер менен иштешүүнүн жемиши, жаза өтөө мекемелериндеги адам укугунун сакталышы, окуучулар арасындагы зомбулук өңдүү бир катар суроолорду узатып, жооп алдык.