Акысы арзан болбойт. Көрүстөндө жубайынын жанынан жай ээлеп коюуну каалагандарга жол ачылды

Sputnik
Кыргызстанда көрүстөндү алдын ала ээлеп коюу тартибин бекитүү сунушталды. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик демилгелеген документ коомдук талкууда. Нике күбөлүктүн негизинде жубайлардын бири брондоо укугуна ээ болот. Жайды он жыл окуп, анан улам жылдырып турууга укуктуу. Программада Мыктыбек Өмүрзаков мыйзам долбоорунун тартиби жана өлкөдөгү көрүстөнгө коюу тартиби тууралуу айтып берди.