Учурда зергерчилик тармактын 80 пайызга жакыны көмүскө иштеп жатканы айтылып келет. Өкмөт салыктарды кыскартуу жана мамлекеттик колдоонун аркасында бул тармакты өнүктүрүүнү көздөөдө. Жеңилдетилген 0,25 пайыздык бирдиктүү салык легалдаштырууга, инвестициялоого жана экспорттоого жол ачат. Мунун аркасында зергерчилик бизнеси экономиканын кыймылдаткыч күчү боло алабы?
Бул тармактагы өзгөрүүлөр тууралуу Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов пикири менен бөлүштү.