Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетовдун төрагалыгы алдында болду. Ага уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов жана ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков катышты.
Министрлер уюмдун аймагындагы аскердик-саясий абалды талкуулашкан. Мындан тышкары, ЖККУ аскерлерин башкарууну өркүндөтүүгө багытталган документтер каралды.
Жыйындын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине таазим кылып, Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту.
Соңунда министрлерди президент Садыр Жапаров кабыл алды.
Тема боюнча: