Бишкекте ЖККУ мамлекеттеринин коргоо министрлеринин жыйыны өттү

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкекте ЖККУ өлкөлөрүнүн коргоо министрлери кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Ага уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов жана Бириккен штабдын башчысы Андрей Сердюков катышты.
Тар курамда ЖККУнун башкы катчысы аскердик коопсуздукка байланыштуу чакырыктар жана коркунучтар тууралуу доклад жасады. Катышуучулар уюмдун жоопкерчилик аймагындагы аскердик-саясий кырдаалды жана анын таасирин талкуулашты.
Жыйын учурунда Коргоо министрлеринин кеңеши ЖККУ аскерлерин (жамааттык күчтөрүн) башкарууну өркүндөтүүгө багытталган документтерди карап чыкты.
Жыйынды алып барган Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов ЖККУ өлкөлөрүнүн аскердик кызматташтыгын андан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү, башкаруу системаларын жакшыртуу, күчтөрдү жана каражаттарды биргелешип даярдоо маселелеринде көз караштардын жана принципиалдуу мамилелердин бирдиктүүлүгүн дагы бир жолу көрсөткөнүн баса белгиледи.
Жыйындын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине таазим кылып, Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту.
Министрлерди президент Садыр Жапаров кабыл алары кошумчаланды.
Бишкекте ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери кеңешинин жыйыны башталды