Мамдепартамент Трамптын Россияны опузалаганын кандай кабыл алуу керектигин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Россия тууралуу акыркы айткандарын көңүл калуу катары карабаш керек. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Тэмми Брюс билдиргенин РИА Новости кабарлады.
Кечээ Трамп соцбаракчасына Москва "от менен ойноп жатканын", эгер ал болбосо Россия өтө начар абалда калмактыгын жазган. РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Трамптын сөзүнө комментарий берип жатып, "начар абал" Үчүнчү дүйнөлүк согуш экенин, АКШ лидери муну абдан жакшы түшүнөт деп үмүт артып жатканын билдирди.
"Трамптын Россиядан көңүлү калды деп айтпайт элем. Бул — дүйнөнүн ар бурчунда тынчтык орнотууга аракет кылган адамдын сөзү. Ою ачык-айкын. Менимче, Россия буга олуттуу карашы керек, америкалыктардын мамилеси дал ушундай", — деген Брюс.
АКШ Россияга болгон мамилесин өзгөртөбү деген суроого Брюс Трамптын колунда "Американын позициясы эске алынгыдай болушун камсыздоочу каражататтардын баары бар экенин, алар кырдаалга таасир этүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн экенин" айтып жооп берди.
Трамптын билдирүүсү боюнча анын атайын чабарманы Кит Келлог да үн катты.
"Менимче, президент айтып жаткан "от" — бул ортодогу жеке мамиле. Трамп чынында жеке мамилени жогору баалайт. Жеке туюму күчтүү, эгер маалымат жетишсиз болсо ошол туюмуна ишенет. "От менен ойноо" президент Трамп менен алаканы бузбаш керек дегенди түшүндүрөт. Анткени АКШ лидери менен бир тарапта болгондор көбүрөөк ийгиликке жетишет", — деди өкүл.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ лидеринин Москванын Киевге урган соккусунан кийин жасаган билдирүүсүн эмоцияга байланыштырган. Анын айтымында, мындай көрүнүш сүйлөшүү процессин уюштуруп, ага катышып жаткандардын баарына мүнөздүү. Песков Россия өлкөнүн коопсуздугу үчүн керектүү гана чечимдерди кабыл аларын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи Украина боюнча меморандумда эмнелер жазылганын айтты