БИШКЕК, 28-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын айткандары, кылгандары Кытай жана Россия менен биргеликте дүйнөдө таасирин арттырууга аракеттенип жаткандай ойго түртөт. Бул туурасында New York басылмасы жазды.
"Өткөн жумада Ак үй башчысы Россия менен сооданы жөнгө салууга ниеттенип жатканын билдирген. Кыязы, ал РФ жана Кытай менен байланышкан масштабдуу ишти айтты окшойт. Бул ири келишим болмокчу", — деп айтылат макалада.
Мындан сырткары, Трамптын кадамдары жана анын элдин алдында жасаган билдирүүлөрү дүйнөлүк жаңы системаны түзүү боюнча каалоосун көрсөтүп турат. Бул үч державанын ар бири планетадагы өзүнүн бөлүгүндө артыкчылык кылышы, үстөмдүк жасап турушу керек деген нерсени кыйытат.
"Ал союздаштарын бардык жактан америкалык аскерлерди чыгарды деп сындаган. Бул Россия менен Кытайга пайда алып келиши мүмкүн, анткени булар Европада жана Азиядагы өз коопсуздук чөйрөлөрүндө америкалык таасирди азайтууга умтулуп жатышат. Бирок Трамп Панама каналына жана Латын Америкасына да чоң көңүл бурду", — деп айтылат макалада.
Мындан мурдараак РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Россия көп уюлдуу дүйнөнүн калыптанышын "эң маанилүү жана негизги багыт" катары эсептээрин билдирген.