БИШКЕК, 28-май —Sputnik. Россия менен Украинанын кийинки сүйлөшүүсү 2-июнда Стамбулда өтөт. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Лавров АКШ, Сауд Арабиясы жана Түркиянын жардамы менен россия-украин сүйлөшүүлөрүн жандантууга мүмкүн болгонун эске салды. Сүйлөшүүнүн биринчи раунду 16-майда Стамбулда өткөн. Анда тараптар бир катар макулдашууларга жетишип, “1000ге 1000” формуласы менен туткундарды алмашууну чечишкен.
ТИМ башчысынын айтымында, сүйлөшүүнүн экинчи раундунда РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский башында турган РФ делегациясы жаңжалды жөнгө салуу боюнча меморандумду көрсөтүп, керектүү нерселерди түшүндүрүүгө даяр.
Лавров тынчтыкка чындап кызыкдар болгондордун колдоосуна ишенерин кошумчалады.