БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Евразияны тынчтыктын жана туруктуулуктун аймагына айландыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул туурасында ал коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку даражадагы өкүлдөрдүн эл аралык жыйынынын катышуучуларына кайрылып жатып айтты.
"Биздин континент тынчтыктын жана туруктуулуктун мейкиндигине айланып, экономикалык, социалдык жана маданий туруктуу өнүгүүнүн үлгүсү болгону маанилүү," – деди Путин.
Мындан сырткары, РФ лидери дүйнөлүк коопсуздук маселесине да токтолгон.
"Дүйнөлүк коопсуздуктун архитектурасы тең укуктуу, бөлүнгүс болушу кажет. Бардык мамлекеттер өз коопсуздугуна кепилдик алышы зарыл, бирок бул башкалардыкына зыянын тийгизбеши керек", — деген ал.