Ош шаарынын мурдагы мэри коррупцияга айыпталып кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Ош шаарынын мурдагы мэри коррупцияга айыпталып кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 65 жаштагы И.Ж. мамлекеттик мүлктү жеке колдорго берип жиберген.
Өкмөттүн токтому менен Масалиев проспектиндеги бала бакчанын имараты атайын багыттагы объект катары ИИМдин ички аскерлеринин балансына өткөрүп берилген. Чечимге ылайык, мүлк мамлекеттик кызыкчылыкта гана колдонулмак. Бирок мыйзам бузуу менен Ош шаарынын мэри И.Ж. тарабынан мыйзамсыз токтомдор чыгарылып, жер тилке коммерциялык объект куруу үчүн жеке колго өтүп, кийин мейманкана курулган", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 72 миллион сом деп бааланып, толугу менен кайтарылганы айтылды. Ал эми мейманкана жер тилкеси менен мамлекеттин менчигине өткөн.
Бишкекте коррупцияга шектелип мектептин мурдагы директору кармалды