БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Киши өлтүрүүгө шектелген киши 17 жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2008-жылы Талас шаарында үч мас киши өтүп бараткан адамды ур-токмокко алып, унаага салып токойго алып барып дагы сабап, ошол жерге таштап кетишкен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам токойдо каза болгон.
© Фото / пресс-служба УВД Таласской области
Кылмышка шектелгендердин экөө ошол эле жылы кармалып, бирөөсү Кыргызстандан чыгып кеткен. Милиция андан бери издөө иштерин токтотпой жүрүп, 41 жаштагы шектүүнү быйыл 20-майда Бишкектен кармады.