Чүйдө жүзүмдүн Сербиядан алынган "Мустанг" жана "Виктория" сорттору отургузулду

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Чүйдө Сербиядан алып келинген жүзүм эгилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда бир гектарга сыноо үчүн "Мустанг Италия", "Мустанг Гамбург" жана "Виктория" сорттору отургузулган.
Министрлик бул кадам аталган өсүмдүктүн товардык жана технологиялык мүнөздөмөлөрүн жакшыртууга багытталганын белгиледи. Ушу тапта жүзүм өстүрүү боюнча өлкөдө жакшы жылыш бар. Алсак, былтыр жүзүмдүн дүң жыйымы 5990,1 тоннаны түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 17,2 пайызга көбөйгөнү айтылды.
Эң чоң өсүш Ош облусунда (74 пайыз) катталган. Чүй, Жалал-Абад, Баткенде дагы түшүмдүүлүк эки-үч эсе өскөнү кошумчаланды.
Кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 млрд. сом жумшалат