Өзгөндө жылына 15 миллион чабак өстүрүүчү цех ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өзгөндө жылына 15 миллион карп балыгынын чабагын өстүрө турган инкубациялык цех ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Наркы 9 миллион сомдук цехтин ачылышына суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышкан.
1 / 3

Өзгөндө жылына 15 миллион карп балыгынын чабагын өстүрө турган инкубациялык цех ачылды

2 / 3

Наркы 9 миллион сомдук цехтин ачылышына суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышкан

3 / 3

Долбоор балык чарбаларын көбөйтүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана жумуш орундарын түзүүгө багытталганы кошумчаланды

Долбоор балык чарбаларын көбөйтүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана жумуш орундарын түзүүгө багытталганы кошумчаланды.
Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды