Кара-Кулжадагы келиндин өлүмү: милиция ал күйөөсүнүн огунан көз жумганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өзгөн районунда (Ош облусу) классташтардын мектепти бүткөндөн 20 жыл өткөндөн кийинки жолугушуусуна катышкан келин ок жеп көз жумган. Бул маалыматты ИИМ тастыктады.
Жүрөк үшүткөн окуя Кара-Кулжа районунда болгон. Ишенимдүү булактар кара-кулжалык келин айылына, Өзгөнгө 20 жылдыкка барып келгенден кийин жолдошу кызганычтан атып салганын айтышкан. 40 жаштагы шектүү кармалган.
Милиция буга чейин аялды күйөөсү атка сүйрөтүп өлтүрдү деп айтылып жаткан маалыматты четке какты.
Классташтарынын айтымында, келин иш-чарага жолдошу менен келип, салтанаттын башталышына эле катышып кеткен. Жолдошу кызганчаак экени дароо эле билингенин, маркум классташ кыздары менен эле сүрөткө түшкөнүн айткан.
Резонанс жараткан Айтургандын өлүмүнө күнөөлүү делип күйөөсү кармалды