БИШКЕК, 28-май — Sputnik. АКШ Германиянын алтын кенин болушунча тезирээк кайтарып беришин Салык төлөөчүлөрдүн европалык ассоциациясы талап кылганын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Эки-үч жылдан кийин алтын такыр эле жок калышы мүмкүн. Кеч боло электе кайтарып алган оң", — деген ассоциация башчысы Михаэль Егер.
Түйшөлүүгө трансатлантикалык мамилелердин туруктуулугунан түкшүмөл болгон тенденция себепкер болууда. Трансатлантикалык аймак дегенде бул жерде сөз Атлантика океанынын эки тарабындагы — Европадагы жана Түндүк Америкадагы, негизинен АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана аскердик байланыштар тууралуу жүрүүдө.
Нью-Йорктогу баалуу металл сактоочу жайда учурда наркы 100 миллиард еврого чамалап барган 1250 тонна алтын куймасы сакталып турат. Бул Германиянын алтын корунун 37 пайызын түзөт.
Егер бул жаатта Бундесбанктын президенти Йоахим Нагель менен финансы министри Ларс Клингбайлга эскертүү катын жазган.