Кыргызстан эл аралык капитал рыногуна алгачкы еврооблигацияларды жайгаштырды

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстан эл аралык капитал рынокторуна алгачкы еврооблигацияларды жайгаштырды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, талап сунуштан дээрлик үч эсе ашып, 2,1 миллиард долларга жеткен.
Жалпысынан 7,75 пайыз жылдык үстөгү менен 700 миллион долларга баалуу кагаз 5 жылга жайгаштырылды. Жайгаштырууга Улуу Британия, АКШ, Европа жана Азия өлкөлөрүнөн 100дөн ашык эл аралык инвестор катышкан.
"Инвесторлордун кызыгуусу Кыргызстандагы саясий, экономикалык процесстер ишеним жарата баштаганынан кабар берет. Бул — өлкөнүн инвестициялык беделин бекемдөө, энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн узак мөөнөткө каражаттарды тартуу үчүн маанилүү кадам", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев министрлер кабинети 1,7 миллиард доллар еврооблигация чыгарууну көздөп жатканын айткан.
Быйыл РКӨФ Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн 150 млн. доллар бөлөт