Бишкекте ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери кеңешинин жыйыны башталды

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны башталды.
Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн коргоо министри Руслан Мукамбетовдун төрагалыгында өтүп жатат.
Катышуучулар ЖККУ аймагындагы абалды жана уюмдун аскердик багытын өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле жыйында коргоо мекемелеринин жетекчилери эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү пландалууда.
ЖККУнун баш катчысы уюм менен чектешкен өлкөлөрдөгү абал тууралуу маалымат берди