Бээ сүтүнүн курамында организмге керектүү заттар көп. Витаминдерден A, B, B12, C, D, E, ал эми минералдык заттардан темир, магний, калий, фосфор, аскорбин кычкылы, ретинол, лактоза жана башкалар бар. Бул тууралуу Жаркынбек Касымбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бээнин сүтүнүн дарылыгы үркөр чыгып, чөп бышканча сакталат.
"Бээнин сүтүн, саамал (ачый элек жаш кымыз) ичип дарыланганда иммунитет бекемделет. Бирок аны аз-аздан ичип көнүү керек. Биринчи күнү бээ саалган сайын сүт жылуу кезинде 30 граммдан ичип, кийинки күндөрү акырындык менен көбөйтүүгө болот. Дарылануу мезгилинде тамактанууга да көңүл буруу кажет. Күнүмдүк тамактанууда бир аз нан жана тоок, козу этин аз өлчөмдө жеп туруу пайдалуу болот. Ал эми жашылча-жемиш, деңиз азыктары, майлуу жана куурулган тамактарды чектеген дурус. Ошол эле учурда спирт ичимдиктери менен уйдун сүтүнөн жасалган азыктарды колдонбой туруу сунушталат. Анткени уйдун сүтүндөгү казеин организмге оор келет. Мындай тыныгууну бир жумадан 10 күнгө чейин жасоо адамга күч-кубат берет", — деди Касымбеков.
Ал, мындан тышкары, бээнин сүтүн дарылык максатта колдонууда дарыгердин кеңешин алуу маанилүү экенин кошумчалады.