29-майга карата аба ырайы

29-майда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй аймагында 25…30, Таласта 22…27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 25…30, Ысык-Көл өрөөнү менен Нарын жеринде 18…23 градус жылуу болот.
Бишкекте күндүн табы 27…29, Ош шаарында 26…28 градусту көрсөтөт.
Кыргызстанда Курман айт 6-июнда белгиленет