Ысык-Көлдө балык уулоого уруксат берилди. Айыл чарба министрлигинин кабарлашынча 15-майдан баштап Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого расмий түрдө уруксат берилген. Балык уулоо үчүн ышкыбоздор атайын билеттерди сатып алуусу керек. Министрлик жарандарды табиятты абайлап пайдаланууга жана балык уулоодо белгиленген мыйзамдык талаптарды так сактоого чакырып, эреже бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууга алып келерин эскертти.
Бүгүнкү “Ачык кеп" программасында дал ушул балык уулоого берилген уруксат тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр-жайы департаментинин Аквакультураны өнүктүрүү, балык чарба ишмердүүлүгүн координациялоо жана балык чарба реестрин жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Нурдин Бекболиев жооп берди.