22-май — Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүк күнү. Кыргызстан БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын максаттарын жактай турганын жана планетадагы биоартүрдүүлүктү сактоонун маанилүү маселелерин чечүү максаттарын колдой турганын айтып келет. Кыргызстан эл аралык аренада тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын активдүү жылдыруучусу болуп келүүдө. Өлкөдөгү абалга жаратылышты коргоо боюнча эксперт, эколог Ормон Султангазиев сарасеп салды.