Быйыл Кыргызстанда 133 миң гектар аянтты чегиртке капташы ыктымал. Өлкөдө чегирткенин 50 түрү болсо, алардын ичинен “италия” жана “марокко” аталышындагы эки түрү өзгөчө коркунучтуу. Анткени көп төлдөп, сугалак болушат. Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген организмдерге курт-кумурскалар, өсүмдүк оорулары жана отоо чөптөр кирет. Республика боюнча 60тан ашык кооптуу курт-кумурскалар, 50гө жакын өсүмдүк оорусу жана 300дөн ашык отоо чөп түрлөрү аныкталган. Зыянкечтер өлкөнүн Ысык-Көл облусунан башка бардык аймактарында кездешет. Учурда 60 миң гектарга жакын жер изилдөөгө алынып, анын 39 миң гектардан ашыгы дарылануудан өткөн. Эми изилдөө иштери Нарын облусунда уланарын программанын меймандары билдирди. Ошондой эле лабораториялар да мурункуга караганда жакшырган.