КР куралдуу күчтөрүнүн 33-жылдыгы кандай белгиленүүдө? – Кыргыз армиясынын абалы кандай?

Sputnik
Элдин тынч уйкусун күн-түн көзөмөлдөп, керек болсо мекен үчүн жанын да кыюуга даяр баатырларыбыз бар үчүн асманыбыз ачык, чек арабыз бекем.
Бүгүнкү “Күн башат” программасында дал ушул баатырлардын майрамы, 29-май тууралуу, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн күнүн утурлай бул тармактын өкүлдөрү менен маектештик. Бүгүнкү берүүдө жүгү оор аскер кызматы жана бул сыймыктуу кесиптин күңгөй-тескей тууралуу кеп кылдык.
Биздин суроолорубузга КР куралдуу кучторунун генералдык штабынын Башкы оперативдик башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Алайбек Шаныяев жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы тарбия иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, подполковник Алмаз Сарбанов жооп берди.