Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова Украинага курал жөнөтүү боюнча айткан Мерцке какшык менен жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Германиянын канцлери менен вице-канцлеринин сокку уруу аралыгына коюлган чектөөнү алуу боюнча билдирүүсүнө какшык менен жооп узатты.
Эскертке кетсек, Германия канцлери Фридрих Мерц Лондон, Париж, Вашингтонго кошулуп эми Берлин да Украинага жөнөтүлгөн курал-жарактан атуу аралыгы боюнча чектөөнү алып салганын жар салган. Башкача айтканда, Киев Россиянын бардык аймагына алыска атылуучу курал менен сокку ура алары айтылды. Кийинчерээк Германиянын вице-канцлери жана Социал-демократтар партиясынын лидери Ларс Клингбайль өлкө Украинага кетчү курал-жарак боюнча позициясын өзгөртпөгөнүн билдирген.
"Кант салган кашык" менен "салфетканы" алып койгулачы! Жок дегенде бул экөө Макрондордой болуп мушташа кетпестир", — деп жазган Захарова.
Германия бийлигинин жасаган эки ача билдирүүсүнө Кремль да жооп кылды. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков европалык мамлекеттердин Украинага өздөрү берген курал менен Россияга ылгабай сокку урууга уруксат берүүсү Москванын жаңжалды жөнгө салуу аракетине каршы келерин айткан.
Ал эми Мамлекеттик Думанын депутаты Леонид Ивлев немецтик Taurus ракетасы Россиянын аймактарына жеткиче "Искандер" ракетасы Берлинге тезирээк учуп жетерин эскертти. Эл өкүлүнүн айтымында, Мерц Россия улуттук кызыкчылыгына доо кетсе толук кандуу жооп берүүгө даяр экенин эстен чыгарып жатканын белгилеген.
Эскерте кетсек, Франция президенти Эммануэль Макрон жубайы Бриджиттен жаакка жеп, анысы интернетке жайылып кеткен.
Андан мурдараак Германия канцлери Фридрих Мерц, Франция президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британия менен Польшанын премьерлери Кир Стармер менен Дональд Туск бараткан поезддин купесинен тартылган видео тараган болчу. Анда Макрондун алдында ак түстөгү тоголоктолгон кагаз сыяктуу нерсе, ал эми Мерцтин алдында кичинекей кашык сымал буюм турганын көрүүгө болот. Камераларды көргөн лидерлер алдындагы буюмдарын жашырууга аракет кылышкан. Соцтармак колдонуучулары бул кокаин жана анын кашыгы болушу мүмкүн экенин болжолдошууда. Елисей сарайы ак түстөгү буюм кагаз салфетка экенин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Ооз ачпаганы жакшы эле". Трамп Зеленский тууралуу кескин айтты